Menu

Түркмөнстан орус вакцинасы менен жапырт эмдөөнү баштайт

Бөлүшүү:

Түркмөнстанда элди коронавируска каршы жапырт эмдөө иштери башталат. Өз аймагында «COVID-19» бар экенин четке кагып келаткан бул өлкө жыл башынан бери Орусиянын өндүрүшүндөгү дароо эки вакцинаны каттоодон өткөргөн.

RFE/RL радиосунун түркмөн кызматынын маалыматына караганда, өлкө бийлиги Орусиянын «Sputnik V» вакцинасын колдонуу менен жапырт эмдөөнү 15-февралда баштайт деп күтүлүүдө. Буга чейин милдеттүү түрдө эмделиши керек болгон жарандардын тизмеси түзүлгөнү, алардын негизги бөлүгүн улгайгандар, медиктер жана өнөкөт оорулары бар жарандар түзөрү кабарланган.

18-январда Түркмөнстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен алгачкылардан болуп Орусиянын коронавируска каршы «Sputnik V» вакцинасын каттоодон өткөргөн. Он күндөн кийин дүйнөдө биринчи болуп «ЭпиВакКорона» деп аталган дагы бир орус вакцинасын каттаган.

Өткөн ишемби күнү Ашхабадга Орусиядан 350 килограмм «Sputnik V» вакцинасы жеткирилген.

Түркмөнстан аймагында коронавирус жуктурган бир да бейтап расмий каттала элек дүйнөдөгү онго жакын өлкөнүн бири. Ошол эле маалда расмий Ашхабад илдеттин жайылуусунун алдын алуу үчүн бардык чараларды көрүп жатканын билдирип келет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 65 = 69

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: