Menu

Абакта жаткан 2 миңден ашуун адам ырайым кылууну суранып билдирүү жөнөтүшкөн

Бөлүшүү:

Абакта жаткан 2 миңден ашуун адам ырайым кылууну суранып билдирүү жөнөтүшкөн. Бул тууралуу бүгүн, 4-декабрда КРнын президентине караштуу ырайым кылуу маселелери боюнча комиссиянын катчылыгынын адиси Светлана Бондарева брифингде билдирди.

Анын айтымында, каалаган соттолгон адам, соттолгон берененин оордугуна карабастан, ырайым кылуу боюнча кайрыла алат.

«Айрым беренелер менен канча адамга ырайым кылынгандыгы боюнча статистикалык маалымат жок. Ырайым кылууда анын кайсы беренеси бар экендигине карабастан, ар бир адамдын инсандыгы эске алынат.  Ырайым кылуу – президенттин конституциялык укугу, ал ар кандай адамга – киши өлтүргүчкө дагы, ууруга дагы ырайым кыла алат», – деди Светлана Бондарева.

Эксперт кошумчалагандай, күзүндө Садыр Жапаров соттолгондорго ырайым берүү ниетин билдиргенден кийин, комиссияга көптөгөн өтүнүчтөр түшкөн.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: