Menu

Атамбаев жаңы Конституцияга кол койду

Бөлүшүү:

Президент Алмазбек Атамбаев Баш мыйзамдын расмий редакциясын жарыялоо тууралуу жарлыкка кол койду. Анын негизинде өлкөнүн өзгөртүлгөн Конституциясынын тексти жарыяланат.

Кол коюу расмисинде Атамбаев Баш мыйзамдын жаңы текстинде 60тан ашык каталар, дал келбөөчүлүктөр оңдолгонун билдирди.

Президент Баш мыйзамды өзгөртүүнү калктын көпчүлүк бөлүгү колдогонун белгиледи.

Кол коюу аземине премьер-министр Сооронбай Жээнбеков баштаган өкмөт мүчөлөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, Жогорку соттун төрайымы катышты.

Өзгөртүлгөн Конституциянын түп нускасы президенттик аппаратта сакталат. Көчүрмөлөрү Жогорку Кеңеш, өкмөт жана Жогорку сотко берилди.

Былтыр 11-декабрда өткөн референдумга шайлоочулардын 42% катышып, Конституцияга киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө макул деп 80%, ал эми 16% каршы добуш берген.

Анын жыйынтыгы менен расмий текстти жарыялоого даярдык көрүү боюнча мекеме аралык иш тобу түзүлгөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: