Кыргыз саясатчыларында бир «оору» бар. Ээрден шыпырылган соң кызылдай тырмышып атып, жок дегенде элчилик кызматка минишет. Мындан улам тышкы саясатыбыз өтө чабал экенин тана албайбыз. Биздин элчи, консулдарыбызды карап көрөлү, ветеринары, мугалими, ырчысы, журналисти, дизайнери, кыскасы баары бар. Дипломат деген кесипке кыргыз бийлиги түкүрүп когон. Эми бул тизмени дагы бирөө узартканы атыптыр. Экс-өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев азыр түн уйкудан калып, элчи болуу тилеги менен чуркап жүргөнүн эшиттик. Былтырлардан Туркияга элчи болот элем деп атып ал орунду Ибрагим Жунусов жулуп кеткен, эми Орусияга элчи болот элем деп жулунуп атып ал орунду Болот Отунбаевге алдырып ийди. Андан кийин Өзбекстанга элчи болуп кетүү ниети менен чуркаган экен, биздин Тышкы иштер министрлигибиз Өзбекстанга ушул кишини элчи кылып жөнөткөн атабыз деген билдирүүсүн жөнөтсө, алар асман-айдан кетип так секиришип, агреман бербей, «откез» беришиптир. Эми каягына барсам деп көзүн кызартып отурат.
Булак: “Де-факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ