Эртең, 19-марттан тарта жылуулук берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, абанын температурасы 5 сутка катары менен 8 градустан жогору болгондо жылуулук берүү токтотулат. Андыктан 19-мартта Бишкек шаарында жылуулук берүү мөөнөтү аяктайт. Бул тууралуу 2019-2020-жылдардагы жылытуу сезону боюнча оперативдүү штабдын жыйынында вице-мэр Мирлан Амантуров билдирген.
Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов 2019-2020-жылдын жылытуу сезону бүткөндүгүнө байланыштуу жылуулук берүүнү токтотуу тууралуу буйрукка кол коёт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ