КР Президентине ишеним грамотасын тапшырып жатып, Шри-Ланка Республикасынын элчиси Нурдин Мохамед Шахед Кыргызстанда көптөгөн кен байлыктар катылып жатканына абдан ишенерин айтты. Ал Кыргызстандан тышкары Пакистанда менен Тажикстанда элчи, башкы кеңсеси Исламабадда жайгашкан.
“Мен ушундай кооз жана керемет өлкө болгон Кыргызстанга келгениме сүйүнүп турам. Эки өлкөнүн кызматташтыгын күчөтүп, Кыргызстандын туризм сыяктуу тармактарынан тышкары башка экономика секторлоруна чет элдик түз инвестиция тартууга даярмын”, – деди элчи. Ал инвестицияларды алга жылдыруу боюнча агенттиктин башчысы менен жолукканын белгилеп: “Кыргызстанда зергерлик тармакты өнүктүрсө болорун уктум. Менин өлкөм зергерлик кол өнөрчүлүк менен таанымал, бизде лаал (рубин), сапфир ж.б. сыяктуу баалуу асыл таштардан жасалат. Кыргызстандын табияты кооз экен, керемет тоолор, таза аба. Кыргызстандын жер кыртышында көптөгөн кен байлыктар, асыл таштар бар экенинде шегим жок. Шри-Ланкадан инвестиция менен бизнесмендерди тартсак болот”, – деди Шри-Ланканын элчиси.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ