Акын Бактыгүл Сейитбековнын уулу, эстрада ырчысы Алихан кыздуу болуп төбөсү көккө жете кубанып турган учуру. Мындай сүйүнүчтүү кабарды апасы Бактыгүл Сейитбекова социалдык тармактар аркылуу бөлүштү. “Достор, сүйүнчү! Уулум бүгүн кырк жылкылуу болду. Кыпкызыл алтындуу болду. Кубанычымда чек жок. Айдай келиним аман-эсен көз жарды. Аксарбашыл кудайымдын жолуна. Пендем десе, ушул жамандарымды өмүрлүү кылсын”, – дейт кубанычы батпаган чоң эне. Ылайым наристенин бешик боосу бекем болсун дейли.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ