Бүгүн, 9-майда Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев Ноокат районунда коронавирустан дарыланып жатып каза болгон 61 жаштагы маркум патологоанатомиялык изилдөөдөн өткөндүгүн, анда башка дагы оорулары аныкталганын айтып берди.
“Дары-дармек менен дарылоо натыйжа берген жок, анткени жүрөк жетишсиздиги, дем алуу жетишсиздиги катталган. Андан тышкары, бейтаптын 2 типтеги кант диабети жана өнөкөт гепатит Б болгон. Коронавирус инфекция кошулганда, организм туруштук бере алган жок. Экспертиза жүргүзүлгөндөн кийин, инфаркттан кийинки кардиосклероз, атеросклероз жана курч гепатиттин пайда болгону белгилүү болду” – деп билдирди Нурболот Үсөнбаев.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ