Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеевди кабыл алды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-январда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеевди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Президент өлкөнүн мамлекеттик чек арасындагы жалпы кырдаал, ошондой эле мамлекеттик чек араны кайтаруу жана коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат алды.

Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев ошондой эле мамлекеттик чек арадагы өткөрмө пункттарды реконструкциялоо жана модернизациялоо иштеринин жүрүшү жөнүндө баяндап берди.

Мамлекет башчысы ведомство жетекчилигинин алдына чек арачыларды социалдык жактан коргоону жакшыртуу боюнча ишти улантуу, ошондой эле аракеттерди чек ара кызматы системасындагы коррупцияга каршы күрөшүүгө топтоо милдетин койду.

Президент Сооронбай Жээнбеков ошондой эле Мамлекеттик чек ара кызматына чек арачылар бөлүктөрүнүн аскердик даярдыгын жакшыртуу боюнча да бир катар тапшырмаларды берди.

Жолугушууга Президенттин кеңешчиси Жеңиш Разаков, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысынын биринчи орун басары Дамир Сагынбаев жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек араларды делимитациялоо маселелери боюнча атайын өкүлү Курбанбай Искандаров катышты.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: