Бүгүн, 9- май күнү саат 16:00дө А. Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук Академиялык опера жана балет театры онлайн форматта концерт өткөрөт.
Көрүүчүлөр үчүн согуш жылдарындагы «Тальяночка», «Пилоты», «Катюша», «Журавли», «Смуглянка», «Вечер на рейде», «Синий платочек», «День Победы» жана башка ырлар жаңырат.
Концерт өзгөчө формат менен өтүп, согуш жылдарындагы лирикалык арзуу ырлар коштойт. Ага Кыргыз Республикасынын эл артисти Керим Турапов, эмгек сиңирген артистери Кайымбек Кускаков, Бактыбек Ыбыкеев, Айбек Саралаев, Тилека Найманбаев, эл аралык сыйлыктардын лауреаттары жана театрдын алдыңкы солисттери катышат.
Коцерттин онлайн форматтагы жүрүшүн Коомдук Биринчи канал аркылуу саат 16:00дө көрүүгө болот. Ошондой эле бул концерт, ушул эле күнү кечки саат 21:40 “Маданият. Тарых. Тил” каналында кайталанат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ