«Апрель» телеканалынын 100% кожоюну А. Атамбаев экенин уккан элдин кыжыры кайнады. Бул канал Икрам Илмияновко тийиштүү «Он бир» телеканалдын базасында түзүлгөнүн эске алсак, анда даана эле Икрам — Атамбаевге «кошелек» катары кызмат кылганы факт катары белгилүү болуп калды. Дмитрий Ложников аттуу мурунку «Бешинчи» каналдын жүзү болгон, «Апрелдин» баш директору Фейсбук аркылуу бир жумадан бери «биз акпыз, биз тазабыз» дегенине карабастан, элдин көпчүлүгү нааразы экени даана көрүндү. «Атамбаевыңар бай. Акчасы толтура. Бирок элге сөзүңөр баары бир сиңбейт, эл силерге ишенбейт» деп ага жооп берген Эдил Байсаловдун пикири колдоого алынды.
Булак: Жаны Ордо
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ