Menu

Самаков ак жеринен күйүп жатат…

Бөлүшүү:

Экс-депутат, коомдук ишмер Карганбек Самаков ак жеринен камалып, саясий оюндардын курмандыгы болуп отурат. Чынын айтыш керек, Самаков мамлекетке бир тыйын зыян алып келген эмес. Жерди трансформация кылганга түздөн-түз жооптуу ошол кездеги өкмөт башчысы, учурдагы «Бир Бол» фракциясынын депутаты Игорь Чудинов болчу. Бүгүнкү күндө кылы кыйшайбай Жогорку Кеңеште отурат. Негизи дал ушул Чудинов түрмөдө отуруш керек эле. Самаков Текебаевдин көрө албас шыкагы, ич күптү ызасы, кеги менен ошол кездеги башкы прокурор Аида Салянованын колу аркылуу күнөөсүз жерден кылмыш иши козголуп камалып кетти. Кийин прокурорлор акча сурап, анан пара алып жаткан жеринен кармалышып өчөшүп алышты. Чын-чынына келгенде Карганбек мырза соттолуп, запкы тартчу жерде эмес. Акыйкаттык болсо, акталып чыгууга тийиш. Президент Жээнбеков бул нерсени көңүлгө алуусу абзел…

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 10 = 18

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: