КРнын вице-премьер-министри Равшанбек Сабиров Нарын облусунун Кочкор районундагы Мантыш айылында жайгашкан Кочкор аймактык ооруканасынын филиалынын имаратынын ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу бүгүн, 24-декабрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.
Вице-премьер-министр калктын ден-соолугун сактоо жана чыңдоо КРнын Өкмөтүнүн негизги милдеттеринин бири экенин белгиледи.
«Коронавирус инфекциясы күч алып турганда КРнын Өкмөтү өз аракети жана эл аралык шериктештердин жардамы менен жаңы ооруканаларды куруу жана аларды медициналык жабдуулар менен камсыз кылуу боюнча иштерди жүргүзүүдө. Бул оорукананы ачууга салым кошкон кайрымдуулук фонддорго ыраазычылык билдиребиз. Бул медициналык мекеме жергиликтүү элге стационардык жардам көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатат», – деп белгиледи Равшанбек Сабиров.
КРнын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалыматы боюнча, 1950-жылы салынган Кочкор районундагы Мантыш айылында жайгашкан Кочкор аймактык ооруканасынын имаратынын эскилиги жеткен. Жергиликтүү бийликтин кайрылуусунун негизинде эл аралык кайрымдуулук фонду 7 миллион сомго жаңы оорукана курууга жардам берди.
Бул ооруканага УЗИ, рентген-аппараттары да коюлду. Ошондой эле тиш дарыгеринин жана кош бойлууларды төрөткө чейин көзөмөлдөө, даярдоо боюнча иш бөлмөлөрү ачылды. Жаңы курулган медициналык мекеме Кочкор районунун Ак-Талаа, Мантыш, Кызыл-Дөбө, Кара-Мойнок, Орток, Дөң-Алыш жана Комсомол айылдарынын тургундарына медициналык жардам көрсөтөт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ