Menu

Жайыл районунда 19 жаштагы жигит кызды сабап, аны зордуктоого аракет кылган

Бөлүшүү:

Чүй облусунун Жайыл районунда 19 жаштагы бала кызды сабап, зордуктоого аракет кылган. Бул тууралуу жабырлануучу Назима Калыгулова 24.kg агенттигине билдирди.

Анын айтымында, окуя 19-декабрда түнкү саат 24:00 чамасында болгон.

Ал айылдан Кара-Балта шаарына баруу үчүн курбусунан такси чакырууну суранган. Курбусу болсо досуна телефон чалып чакырган. Ал бала жалгыз эмес, досу менен чогуу келген. Алар чогуу жолго чыккан. Бир кезде унаа айдап бараткан жигит чоң жолдон бурулуп, талааны көздөй айдаган.

“Ал жумуштарым бар, ошондуктан бурулдук” деп айтты. Андан кийин ал эркек бала мени унаадан түшүп, өзүнчө сүйлөшүүгө чакырды. Ал менин атам чоңойгон айылдан болгондуктан, мен макул болдум. Унаадан алыстагандан кийин ал мага тийишип, кийимимди чечүүгө мажбурлады. “Эгер айтканымды кылбасаң өлтүрөм” деп коркутуп баштады”, – дейт жабырлануучу.

Жабырлануучунун айтымында, ал кыйкырбашы үчүн бала оозун кар менен жапкан.

«Мен аны эки бутунун ортосуна тээп жибердим. Ал мени башыма, бөйрөккө, ичиме уруп, катуу сабады. Анын досу машинадан түшүп, биз жакка келип, жардам бербей карап турду. Бир маалда мен качып кетип, курбум отурган унаага кайтып келдим. Кайра келгенде тиги бала эч нерсе болбогондой түр көрсөттү”, – дейт Назима Калыгулова.

Жабырлануучу зордуктоого аракет кылган бала мас абалында болгонун кошумчалады.

Кыздар балдардан эптеп качып, үйүнө келишкен. Назима Калыгулова милицияга арыз жазган, бирок иш аягына чыгат деп ишенбейт. Ал азыр ооруканада. Анын айтымында, анын денесиндеги жаракаттарды эч ким каттаган эмес.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: