Бишкек шаарынын 12-кичирайонунун аймагында, Аламүдүн суусунан азиат улутундагы эркек кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу бүгүн, 21-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кечээ, 20-апрелде Аламүдүн суусунун ичинен болжол менен 40-45 жаштагы эркек адамдын жансыз денеси жатканы тууралуу билдирүү түшкөн. Ал жерге 5 куткаруучу барып, адамдын денесин суудан алып чыгып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ