Бишкекте телефонго үңүлүп, эки жагын карабай бараткан селки соода борборунун айнегин сүзүп, талкалап алган. Бул маалыматты Бишкектин Тез жардам станциясы тастыктады.
Окуя 26-майда «Red Center» соода борборунда болгон. Жабырлануучу Улуттук госпиталга жаткырылды.
Алгачкы маалымат боюнча айнектин сыныктары анын колу-буттарын кесип кеткен.
Мындай окуя республикада алгачкы ирет катталды. Анткен менен башка өлкөлөрдө бул сыяктуу жагдайлар көп эле кездешет жана техногендик доорго мүнөздүү белги болуп саналат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ