Menu

Сокулук районунда алдамчылыкка шектүү кармалды

Бөлүшүү:

Сокулук районунда алдамчылыкка шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы билдирди.

Сокулук районунун ички иштер органдарына жергиликтүү жашоочу А.Б. арыз менен кайрылып, 2019-жылдын май айында “Хенгим” аттуу эркек киши арыздануучунун ишенимине кирип, ири компаниялардын бирине жумушка орноштурууга убада кылып, алдоо жолу менен арыздануучудан 3000 АКШ долларын алып, ушул күнгө чейин акчасын кайтарып бербей жүргөнүн билдирген. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КРнын Жазык кодексинин 204-беренеси (Алдамчылык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Сокулук районунун ИИБдүн кызматкерлери тарабынан жогорудагы жарандын өздүгүн аныктоо жана
кормоо үчүн бир катар иш-чаралар уюштурулуп, жыйынтыгында шектүү катары 27 жаштагы Х.Х. аттуу жаран кармалган.

Учурда кармалган жарандын башка дагы кылмыштарга тиешеси бар же жок экендигин териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. Андыктан кимде-ким аталган жарандын алдамчылык аракетинен
жабыркагандар болсо, Сокулук районунун ИИБнө кайрылсаңыздар болот. Чүй облусунун ИИББы: Бейтааныш адамдар тарабынан жасалган кандайдыр бир убадалар үчүн алдын ала акча каражаттарды берүүдө жарандарды сак болууга чакырат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 75 = 80

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: