Menu

Турускуловду туйлаткан чындык эмне?

Бөлүшүү:

“Өрдөк жокто чулдук бий” дегендей, Бабановдун башына кара туман айланып турганда анын жанындагы жактоочу, мактоочу, колдоочу болуп тураар азаматтары анын далысына жакшы эле бычак сайышты. ЖКнын ичинде партиянын бир топ депутаттары болгон менен бир тобу балык болуп берди. Зарылбек Рысалиев, Тариэл Жоробеков сыяктуу депутат болууга кымындай шансы жокторду өз чөнтөгүнөн каржылап болсо да катарга кошуп, акыры депутат кылды. Бирок, алардын алды ачык эле душманына айланды. Бийликке жагынпоздонду. Жоробековдун “жоруктары” болсо адам айтып бере алгыс абалга барды. Азыр парламент ичинде “талтайган” деген тариздеги лакап атын алсаны айтылып келет. Анысы кайдан дейсиңер? Бабанов Маскөөгө сапар алганда, кайран Тариэл акебиз, заматта өзгөрүлүп, ал турсун шайлоодо Бабановго эмес Жээнбековго чуркаганын айтып бет кабын дароо сыйрыптыр.

Алары ал болду, партиянын башын кармап олтурган Жыргалбек Турускуловго эмне болду? Сыягы, ал деле алсыздыгынын айынан, бийликтин бир бүктөмүнөн тура албай койду. Лидери, түптөөчүсү болгон Бабановду коргой алган жок. Ал турмак эми, “Республика-Ата журт” партиясын бирото “сындырып” сыпайы оюндан чыгып бийликтин бир колтугуна кирүүнү көздөп жатканы ачык байкалат.

Ал маалымат сайттарынын бирине маек куруп, анда партия бир эле шайлоодо утуп чыгып, мандат алууну эле көздөгөнүн, ал тилектерине жеткенин айтып, аталган партиянын мурдагы шайлоолордо, кийинки президенттик шайлоодо болуп көрбөгөндөй колдоо тапканын айтууга оозун бургусу келбегени, түшүнгөнгө ошончо шайлоочусуна түкүргөндөй эле кылыптыр “Республика — Ата-Журт” бир жолку максатты ишке ашыруу үчүн түзүлгөн тандем болчу. Биз бул биригүүнүн арты менен Жогорку Кеңештин VI чакырылышына депутат болуп келе алдык. Демек, максатыбыз ишке ашты. Ал эми 2020-жылда боло турган шайлоого чогуу баруу жөнүндө эч кандай сүйлөшүүлөр болгон эмес. “Республика” партиясы бир жылдан кийинки шайлоого өз алдынча аттанабы-жокпу, азырынча белгисиз. Шайлоого катышып калышыбыз мүмкүн, катышпай да калышыбыз толук ыктымал. Бул тууралуу азыркы тапта эч нерсе айта албайм” – дейт Турускулов. Буга чейин Турускуловдун тагдыры чечилип, ал фракция лидерлигинен алынаары, анын ордуна Бабановго жан үрөгөн Мирлан Жээнчороевдин келээри күтүлүп жатканы айтылган болчу. Бирок, бийлик менен бир “мандемди” боолгоп турган Турускуловдун “тагдыры” талаштуу жагдайда кала берген. Эми минтип Турускуловдун туйлап, шайлоого бараар барбасын айтып турушу да жөн жерден эмес шекил. Бабановго козголгон кылмыш иштеринин арты деле шайлоолор үчүн экенин айтып, боолгоп тургандар бар. Эгер бийлик коомдогу мындай көз карашты Турускуловдун турпаты менен ишке ашыргысы келип турганын айта турган болсок, анда “ичтеги ири жылаандар” барган башка жактагы саясатты деле жыргатпайт эмеспи. Бутка тура албай, бутага бычак сайыла бергенибиз ушундайлардан эмеспи?

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 58 + = 65

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: