Menu

Адил Турдукулов: “Атамбаевдин уулдары КСДПнын кадыр-баркын түшүрүп жатышат”

Бөлүшүү:

Социал-демократ партиясында ийрелеңдеген интригалар жүрүп жатканы айкын болуп калды.

А.Атамбаевдин уулдары менен Темирлан Султанбеков тарабынан КСДПда ар кандай аракеттер жүрүп, ал жөнүндө партиянын башка мүчөлөрү эч нерсе билбейт экен. Бул тууралуу партиянын мүчөсү Адил Турдукулов журналисттерге айтып берди:

“Атүгүл Кундуз Жолдубаева сыяктуу партиянын салмактуу мүчөлөрү эмне болуп жатканын билишпейт. Азыр кызыктай эле абалда калдык, бирок канчалаган жылдан бери кашыктап жыйган кадыр-баркты чакалап төгүп, партияны талкалап жаткан кишилер болууда. Менин дагы партияга кошкон салымым бар, 2004-жылдан бери КСДПнын мүчөсүмүн”, – дейт Адил Турдугулов.

“Партияны мен талкалап жаткандай айтышат экен, ал эми мурдагы президенттин уулдары эмне гана кылышкан жок. Өзүнчө сүйлөшөйүн десем, мени уккулары келбей койду, айла жок, коомчулукка алып чыгып жатам. Бир нерсе кылыш керек болуп калды: же партиянын түзүмүн өзгөртүү зарыл же мен айтып жаткандар эмне кылып жатышканын маалымап турушсун. Азыр КСДПнын саясатын аныктаган Фарид Ниязов сыяктуулар абакта олтурат, же сурак берип жүрүшөт, ал эми бул учурда партияда түшүнүксүз нерселер жүрүүдө. Мындай кризис учурунда Атамбаевдин балдары партия мүчөлөрүн бириктирип, ынтымакка алып келиши керек эле, алар болсо, өзүнчө чогулуп, бир нерселерди эле чечип, күдүңдөп жүрүшөт. Ойлонбой иш кылып жатышат, мисалы, жергиликтүү шайлоону талкуулашса болмок, анан парламенттик шайлоого күч топтошмок”, – дейт Адил.

Ошону менен бирге Темирлан Султанбеовдун аракеттери жөнүндө да азыноолак мындай деди:

“Эгерде ал партиядан чыкканы боюнча соцтармакка жазбаганда, мен ал жөнүндө эч нерсе айтмак эмесмин. Эми болсо, “антип жазган эмесмин” деп калп айтып жүрөт”.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: