Menu

Эми Жогорку Кеңештеги депутат айымдардын форумун Эльвира Сурабалдиева жетектейт

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештеги депутат айымдардын Ысык-Көлдө өтүп жаткан форумунда уюштуруу иштери каралды. Буга чейин аталган форумга төрайымдык кылып келген депутат Ашэра Халикова мандатын тапшырып кеткендигине байланыштуу, бул орунга депутат Эльвира Сурабалдиеванын талапкерлиги көрсөтүлүп, ал бир добуштан шайланды.

Буга чейин деле V чакырылышта парламентарий айымдардын форуму иштеп келген. Андагы жүргүзүлгөн иштердин ыкчам натыйжасына жетишүүдө форумга мүчө болгон депутаттардын  ар бири  тармак-тармак боюнча иш алып барган. Бул жолу деле ошол тартип сакталат.

Депутат айымдардын форумунун иш планын түзүүдө медиа-план иштеп чыгуу сунушун вице-спикер Алтынай Өмүрбекова ортого салды.

Депутат Евгения Строкова болсо гендер маселеси социалдык мүнөзгө ээ болгондуктан, ЖК Социалдык маселелер боюнча комитетинин мүчөлөрү үчүн дагы атайын тренингдерди уюштуруп туруу зарылчылыгын билдирди.

Бул жолку иш чараны өткөрүүдө Кыргызстандагы Эл аралык мамилелердин Улуттук демократиялык институту жакындан колдоо көрсөттү. Аталган институттун директору Алан Лэинг мырза өз сөзүндө депутат айымдар форумунун логотибин иштеп чыгууга, жаштар арасындагы долбоорлорду тажрыйбалоого жардам берерин билдирди. Андан тышкары сот тармагына, бюджетке мүнөздүү болгон жана коррупцияга каршы даярдалган мыйзам долбоорлору боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө да Улуттук демократиялык институт өнөктөш болууга даяр экендигин ырастады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 37 + = 47

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: