Menu

Чыйпылыктаган Чыныбай Турсунбеков өз айылынан жарытылуу добуш алып бергенге жарабады

Бөлүшүү:

Эсиңерде болсо, буга чейин спикер Чыныбай Турсунбеков президенттик амбициясын ооздуктай албай, партиялаштарын күйгүлтүккө салган эле. Анан эле дараметин байкадыбы, дароо аламан жарышка аттануудан баш тарткан. Кызыгы, бүйүр кызыткан шайлоодо кичи мекени Нарын облусундагы өз айылынан КСДПнын талапкери үчүн тыңгылыктуу добуш алып бере албай, уят болгону кандай? Негизи спикер Турсунбеков катуу киришсе өз айылы гана эмес, бүтүндөй Теңир-Тоонун аймагынан жеткиликтүү добуш алып бергенге деле шаасы жетмек. Акүйдөгү өздүк булактарыбыздын билдиргенине караганда, Чыкебиз шайлоодо бийликчил парталашы үчүн ашыкча эт-бетинен деле кетпей, анын талапкерлиги үчүн салкын көз карашта, калыс позицияны карманганы канкууланууда. Анан калса оңой менен жөндөн-жөн чык таттырбас Чыкебиздин кокус Өмүрбек Бабанов болуп кетсе, кийинки тагдырын ойлогонунан улам ушундай кадамга барганы сөз болууда. Президенттик ант берүү салтанатынан соң бу көпөстүн кызматтан кетээри эмитен сөз болууда. Анан калса нарындык эки дөө-шаанын бири премьерликти, экинчиси спикерликти мыкчып отурганы логикага деле сыйбайт да, туурабы?

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 49 = 56

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: