Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедов эки күндүк сапар менен Казакстанга келди. 18-апрелде Астанада ал Казакстандын лидери Нурсултан Назарбаев менен жолукту. Президенттер Казакстан менен Түркмөнстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк тууралуу келишимге кол коюшту.
“Бул келишим менен өнүгүүнүн жаңы баскычына чыгабыз. Биз бардык чек ара маселелерин чечебиз. Бул чек ара көйгөйлөрү жок жалгыз эки өлкө болот” – деди Назарбаев.
Назарбаев Казакстандан Түркмөнстан жана Иран аркылуу өткөн темир жолду – биргелешкен эң ири долбоорлордун бири деп атады.
Бердымухаммедов Казакстандын ички, аймактык жана эл аралык демилгелерин колдорун айтып, кызматташтык үчүн Назарбаевге ыраазычылык билдирди.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ