Menu

Министр Чыңгыз Айдарбеков АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча агенттигине (USAID) барды

Бөлүшүү:

1-октябрь күнү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Вашингтон шаарына сапарынын алкагында АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча агенттигинин (USAID) башкы кеңсесине барып, USAID өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Тараптар Кыргызстандын USAID менен өз ара аракеттенүүсүнүн актуалдуу маселелерин, анын ичинде кыска жана узак мөөнөттүү мезгилдерге кызматташуу пландарын талкуулашты.

Өз ара аракеттенүүнүн негизги багыттары, АКШнын катышуусундагы регионалдык долбоорлордун ишке ашырылуусунун жүрүшү, ошондой эле КР менен АКШнын ортосундагы эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн башка маанилүү маселелери талкууланды.

Кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө өз ара кызыкдарлык, ошондой эле күн тартибинин учурдагы маселелери боюнча үзгүлтүксүз негизде пикир алмашууга даярдык тастыкталды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 42 + = 52

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: