Menu

НТС телеканалы Россиянын НТВ телеканалынын берүүлөрүн Кыргызстанга жайылтууну токтотту

Бөлүшүү:

Бүгүн, 12-апрелде сөөгү Бабановдуку эти Атамбаевдики болуп эсептелген НТС телеканалы Россиянын НТВ телеканалынын контентин Кыргызстанга жайылтууну токтоткону белгилүү болду. Бул тууралу “Кыргызстан Интерньюс” өкмөттүк эмес уюмунун кызматкери, белгилүү журналист Бермет Маликова facebook социалдык тармагында жазып билдирди.

Активисттер дароо эле НТС телеканалынын директору Жайнак Усеновго чалып, ал бул маалыматтын чын экенин, НТС телеканалы мындан ары Россиянын НТВ телеканалынын телеберүүлөрүн Кыргызстанга жайылтууну токтотконун тастыктады.

Эсиңиздерге сала кетсек, жарандык актвисттер буга чейин НТС телеканалы НТВнин телеберүүлөрү аркылуу Россиялык пропаганданы Кыргызстанга жайылтууда деп айыптап келишкен.

НТС телеканалы 2009-жылга чейин саясатчы Өмүрбек Бабановго таандык болуп, андан кийин экс-президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевге расмий сатылып кеткен. 2010-жылдагы мамлекеттик төңкөрүштөн кийин Бакиевдердин мүлкү катары улутташтырылуучу объекттердин тизмесине киргизилген болучу. Бирок Атамбаевдин жардамы менен кайра эле Өмүрбек Бабановдун колуна өтүп кеткен. 2017-жылдагы президенттик шайлоодон кийин Бабанов Россияга качып, телеканалдын үстүнөн көзөмөлдү атамбаевчилер жүргүзө баштаган. Айрым бир маалыматтар боюнча НТС юридикалык жактан Бабановго таандык бойдон кала берет, бирок иш жүзүндө Фарид Ниязов баштаган атамбаевчилерге кызмат кылат. НТСтин тагдыры боюнча Бабанов менен Атамбаевдин ортосундагы жашыруун сүйлөшүүлөр ушундай келишим менен аяктаган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 22 − = 16

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: