АКШнын мамлекеттик катчылыгына талапкер, ЦРУнун мурдагы директору Майк Помпео Сенаттагы угууларда Сириядагы америкалык аскерлер менен кагылышта “эки жүздөй орусиялык” өлтүрүлгөнүн билдирди.
Помпео маалыматты кайсы булактан алганын айткан жок. Ал окуя бир нече жума мурун болгонун гана белгиледи.
7-февралда Дейр-эз-Зор провинциясында салгылаш болгон. Анда Сирия президенти Башар Асаддын тарабында согушкан жүздөгөн жалданма аскер АКШнын өнөктөштөрү болгон күрддөрдүн позициясына каршы чабуул жасаган. Америкалык авиация аларга абадан сокку урган, бул чоң жоготууларга алып келгени кабарланган.
Маалымат каражаттары кагылышуу учурунда орусиялык “ЧВК Вагнера” тобунун жалданма аскерлери мерт болгонун билдиришкен. Өлгөндөрдүн так саны белгисиз, ММКлардын көбү 200дөй жалданма аскер мерт болгонун жазышкан. Журналисттер бул согушта курман болгон 10 орусиялык жарандын ысымдарын гана аныкташкан.
Орусия ТИМи алгач орусиялык жарандарын өлгөнү тууралуу фактыны четке кагып, кийин набыт болгондорун саны бешке чейин жетиши ыктымал экенин, ондогон адам жаракат алганын айткан.
Орусия бийлиги Сириядагы жоготуулары менен аскердик чыгымдарын, аскерлеринин санын жашыруун кармоого аракеттенет.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ