Маммүлк мурунку жетекчиси Болсунбек Казаков VIP шаарча арзан сатылып кеткени боюнча көрсөтмөсүндө азыркы мэр Албек Ибраимовго шылтап атканын уктук. Мэрге андан сырткары шаардын 90 гектар жерин бир жылдын ичинде сатып же узак мөөнөттүү ижарага бергени айтылууда. Участкалардын көбү Икрам Илмияновго таандык делген курулуш компаниясынын атына жазылып калганын да айтышууда. Бул курулуш компаниясы ошон үчүн көптөрдүн колу жетпеген жерлерге ээ болуп жатат дегендер көп болууда. Кечээ күнү БТА-Банктын төрагасы жана мурунку УКМК жетекчиси Калык Иманкуловдун күйөө баласы Темир Рыскуловдун үйүндө тергөө органдары тарабынан тинтүү жүргүзүлгөнүн уктук. Кайсыл курулуш компанияга шаардын көрүнүктүү жерлери берилгени, Рыскуловдун үйүнө эмне үчүн тинтүү жүргөнү тууралуу кийинки санда кенен маалымат бермекчибиз.
Булак: “Жаңы ордо“
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ