Menu

Ала-Букада өзбек чек арачылары талаштуу аймакка аскер техникасын жана аскерлерин киргизип алышты

Бөлүшүү:

Кыргызстандын чек ара кызматынын маалымдашынча, 18-мартта эртең мененки саат жети жарым чамасында Ала-Бука районундагы Могол аймагында кыргыз-өзбек чек арасындагы тактала элек аймакка Өзбекстандын 30 – 40 аскер кызматкерлери келип 2 БТР жана 2 КАМаЗ унаасын токтотуп алышкан.

Мындан тышкары өзбек тарап саат сегизден тарта “Маданият-автодорожный” көзөмөл-өткөрүү пунктун бир тараптуу жаап салып, «Достук-автодорожный» өткөрүү пунктунан жарандардын жана транспорттун каттамына чектөө киргизген. Кошуна өлкөнүн чек арачылары кыргыз жарандарына Өзбекстандан чыгууга уруксат беришип, ал эми кирүүгө тыюу салышкан. Ошол эле учурда өзбек жарандарына мындай чектөөлөр коюлган эмес. Үчүнчү өлкөнүн жарандарына «Достук-автодорожный» пункту аркылуу транзиттик өтүү штаттык режимде иштеп жатат.
Кыргыз тарап өз кезегинде өзбек жарандарына «Баймак-автодорожный», «Кен-Сай-автодорожный» , «Кадамжай-автодорожный» өткөрмө пункттары аркылуу кирип чыгууга тыюу салды.
Ушул тапта эки тараптын чек ара кызматкерлери чек арадагы соңку аракеттер боюнча сүйлөшүүлөрдү
жүргүзүүдө.
Чек ара Могол
Буга чейин Аксы районун акими Медет Айдаралиев “Азаттыкка” өзбек чек арачылары талаштуу аймактагы Кербен – Ала-Бука жолуна туруп алганы эл арасында суроо жаратып жатканын айтып, бул аймакка өзбек тараптын кирип алууга укугу жок экендигин билдирген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 75 − 74 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: