“Мекен Ынытмагы” деген партияны түзө салып, өзүн укмуштай көрсөткүсү келип, 2010-жылдан кийин шайлоолорго катышып, элге таанымал болгон Темирбек Асанбеков да ажо болом деп эл үркпөсө деле “эшек” болуп кош-үркөндөрдүн катарын толуктай турган болууда. Бул адам деле башка саясатчылардан айырмасы жок. Тили менен жер шыпырат, аны бекеринен Акаевдердин өз кишиси деп айтпаган чыгар. Белгилүү болгондой Асанбеков мурунку шайлоолордо элге укмуш убадаларды берген. Бирок ошол эле учурда өзүнө чуркап иштеген бир топ адамдар айлыктарын ала албай, нааразы болуп чыгышкан. Демек, адамдын эмгегин баалабай, бекер иштеткиси келген адам, элди баалайбы? Чамынып убара болбой, эс ала берсе деле ошол өзүнө утуш болмок.
Булак: “Багыт”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ