Медиктерге акысыз байланыш уюштурулду. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, «НУР Телеком» компаниясы күндүзгү стационарларда иштеген медицина кызматкерлерин акысыз байланышка кошуп баштады. Дарыгерлер вахталык режимде, күндүз иштеп, түнкүсүн мейманканада калып жатышат. Эми ар биринде үй бүлөсү, жакындары жана балдары менен сүйлөшүү үчүн сапаттуу байланыш жана интернет бар.
Ошондой эле, «Скай Мобайл» («Билайн») жана «Альфа Телеком» («Мегаком») компанияларынын колдонуучу медицина кызматкерлеринин тизмеси түзүлүп, аталган компанияларга жиберилди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ