Menu

Быйыл оор атлетика боюнча дүйнө биринчилиги Түркмөнстанда өтөт

Бөлүшүү:

Быйыл 28-октябрдан 10-ноябрга чейин Ашхабадда оор атлетика боюнча дүйнө чемпионаты өтөт. Ага дүйнөнүн 70 өлкөсүнөн спортчулар катышат.

Эл аралык оор атлетика федерациясынын (IWF) аткаруу комитети былтыр ноябрда дүйнө биринчилигин Түркмөнстандын борбору Ашхабадда өткөрүү чечимин кабыл алган.

Алгач чемпионат Перунун борбору Лимада өтүшү керек болчу. Бирок Перу тарап мелдештерди өткөрүүдөн баш тартып, ал укукту башка өлкөгө берүүгө даяр экенин билдирген.

Былтыр сентябрда Түркмөнстан Уруш искусстволору боюнча жабык имараттардагы V Азия оюндарын өткөргөн. Түрдүү маалыматтар боюнча, анда өлкө спорттук имараттарды жана инфраструктура куруу үчүн 10-15 миллиард доллар короткон.​

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 74 − 64 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: