Бишкектеги “Кайнар” ресторанында көп адам чогулган деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин «Республика-Ата Журт» фракциясынын депутаты Максат Сабиров билдирди.
Эскерте кетсек, 11-июнда “Кайнар” ресторанында мурдагы депутат Өмүрбек Бабановдун эжесине куран окутулган. Бул жерге даражалуу саясатчылар келишкен. Алардын арасында Максат Сабиров дагы болгон.
Депутаттын айтымында, ресторанга 20-30 гана адам чогулган.
“Азыркы учурда бардык чектөөлөр алынды. Коомдук транспорттор, кафелер, ишканалар жана мончо ачылып, ишин башташты. Менин билишимче, бир жумадан бери той жана куран окутуу иш-чаралары өткөрүлүп келет. Мен абдан таң калдым, ушул окуяны күчөтүп жибергенине», – деди Сабиров.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ