Menu

Сапар Исаков Текебаевдин камерасындагы видеокөзөмөлдөөнү алууну тапшырды

Бөлүшүү:

Сапар Исаков бүгүн, 11-апрелде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматтын төрагасы Талайбек Жапаровго соттолгон Өмүрбек Текебаев жазасын өтөп жаткан жайдан видеокөзөмөлдөөчү камераны мыйзам чегинде демонтаждоо мүмкүндүгүн карап чыгууну тапшырды.

Аталган маселе Өкмөт башчы алдында «Ата-Мекен» парламенттик фракциясынын лидери Алманбет Шыкмаматов тарабынан кечээ, 10-апрелде, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитеттин кеңешмесинде көтөрүлгөн.

ЖАМК төрагасы маалымдагандай, аталган маселе оңдуу чечилет, айыпталган Өмүрбек Текебаевден түшкөн өтүнүч канааттандырылат. Талайбек Жапаров маалымдагандай, видеокөзөмөлдөөчү камера имараттын тышына чыгарылат.

Ошондой эле ал Кыргыз Республикасынын мыйзамы боюнча, камакка алынгандардын коопсуздугун камсыздоо үчүн аудио-визуалдык техниканын түздөн-түз камераларда орнотулушу каралгандыгын белгиледи.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: