Menu

Марс Сариев, саясат талдоочу: “Текебаев түрмөдөн чыкса өзүнчө оюн баштамак, ал эми Атамбаев элди көтөрүшү толук мүмкүн”

Бөлүшүү:
– Марс мырза, бийлик алмашканда элдин бир тобу «Атамбаевдин тушунда саясый мотив менен камалгандардын баары эркиндикке чыгат го» деп ойлошкон. Бирок, андай болгон жок. Сиздин оюңузча, мунун себеби эмнеде?
– Саясый мотив менен камалгандар деле бар, бирок, фактылар, далил базасы да бар болуп атпайбы. Мисалы, мародерчулук боюнча. Эгер азыр фактыларга көз жумуп, аларды чыгарып ийсе, анда бул дагы саясый чечим болуп калат. Ошондуктан, азыркы бийликке деле алардын чыкпай турганы ыңгайлуу. Себеби, Текебаев чыкса, кандай оюндарды баштап ийет, аны айтуу кыйын. Текебаев аябай тажрыйбалуу, салмактуу саясатчы. Өзүнчө, өзгөчө оюн башташы мүмкүн.
– Тескерисинче, эгер Текебаевди бошотуп ийишсе, ал жаңы бийликке милдеттүү, карыздар болуп калбайбы?
– Мындай да. Азыр Атамбаевдин позициясы дале күчтүү, тарапташтары көп, чет жактарда дагы колдоочулары бар. Эгер Текебаев жана башка саясатчылар эркиндикке чыкчу болсо, азыркы президентке баш оору болот. Анүстүнө, экөө сүйлөшсө дагы, сүйлөшпөсө дагы Атамбаев менен Жээнбековдун ортосунда кандайдыр бир компромисс бар деп ойлойм. Ырас, азыркы бийлик Атамбаевдин бир топ жан-жөкөрлөрүн камады. Бирок, алар Атамбаевге аябай жакын фигуралар эмес. А эгер Текебаевдин артынан белдүү саясатчылар боштондукка чыкчу болсо, Атамбаев качышы керек болуп калат. Алар саясый кырдаалды, экономиканын абалын карашпайт. Текебаев өзүнүн маселесин чечкенге аракет кылат.
– Анда азыркы президент кааласа да, каалабаса да Атамбаев менен эсептешүүгө аргасыз экен да?
– Эсептешүүгө туура келет. Ал тобокелчил саясатчы да. Элди көтөрүп ийиши толук мүмкүн.
– Жаңы бийлик келгенден бери жогорку даражадагы бир топ чиновниктер камалды. Кандай деп ойлойсуз, бул процесс дагы уланышы мүмкүнбү?– Мен жогоруда айткандай, Албек Ибраимов, Аскар Шадиев сыяктуу Атамбаевге эң жакын фигуралар камалган жок да. Ал эми азыркы отургандар жалаң факты боюнча. ТЭЦтин сыры ачылып, элден жашырууга болбой, калган үчүн эле казып атышат. Эгер казса, Кыргызстанда ар бир экинчи чиновникти отургузса болот. Бирок, бул ишти өтө этият, сот системасын өзгөртүп, доза-дозасы менен жасоо керек. Ансыз деле азыр «эмне үчүн Шадиев качып кетти, Илмиянов качып кетти?» деген суроолор пайда болууда. Бийликтин оппоненттери регионализмге такап жатышат. Бул маалыматтык согуш. Андыктан, абал жакшы эмес. Азырынча абал өтө курчуп кетпей турган себеби, бийлик Атамбаевди акырына чейин кысмакка алган жок. Атамбаев өзү эл ансыз тынчыбасын, көксөөсү суубасын сезип, кээ бир кишилерди камоого макулдугун берди.

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: