Кечээ, 2017-жылдын 10-майында, Жогорку соттун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясы Кутанов Марат Алымбековичке карата гана жазык ишин карап, Бишкек шаардык сотунун 2016-жылдын 20-апрелиндеги өкүмүн күчүндө калтырган. Бул туурасында соттун басма сөз кызматы малымдады.
Ал эми Б. Абдыкапаров, Т. Мамбеталиев жана К. Имановго карата жазык ишин алардын адвокаттары көзөмөл даттанууну чакырып алгандарына байланыштуу Жогорку сот караган жок.
Биринчи жана экинчи инстанциялардын өкүмдөрү менен КР Жогорку сотунун сайтынан төмөнкү шилтеме аркылуу тааныша аласыздар: http://jogorku.sot.kg/ru/news/1054.ru
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ