Бишкектеги “Ак кула” ат-майданында 9-май Улуу жеӊиш күнүнө карата, С. Чокморовдун жана У. Кудайбергеновдун жаркын элесине арналган ат оюндары өттү. Көк бөрү оюнунун финалына чыгышкан Таластын “Ынтымак” командасы Сокулуктун “Биримдик Аюу” командасы менен биринчи , экинчи орун үчүн беттешишти. Оюндун эсеби 1:0 болуп, “Ынтымак” командасы биринчи орунга ээ болуп, жарым миллион сомдук байгени утуп алышты. 2-орунга 250 миӊ сом, 3-орунга 150 миӊ сом акчалай сыйлык берилди. Бул туурасында “Жаштар” гезитинин редакциясынан билдиришти.
Оюндардын жыйынтыгы боюнча “Мыкты улакчы” деп, оюндун эсебин ачкан “Ынтымак” командасынан Карпбек Эшиев табылды. “Мыкты ат” наамына болсо “Биримдик Аю” командасынын Кубанычбека Султан уулунун аты татыды.
Эрендердин эр оюну көк бөрү, ата-бабалардан калган адамды жоокерчиликке дайыма эл-жерин коргоого даярдаган бабалардын бизге калтырган мурасы.
Бул оюн улуттук оюндардын ичинен эӊ көп куйөөрмандарды топтогон бүйүр кызыткан, ар бир кыргыздын канында ойногон, адамды эрдикке шыктандырган улуттун улуу оюну. Бул оюнду улуттук оюндан эл аралык оюнга айлантууда айрым атуулдарыбыздын салымы зор. Болот Шамшиев Аскар Салымбековдун колдоосу менен азыркы шартка ылайык тай казандарды, аянтты, адамдардын санын жана башка оюндун эрежелерин иштеп чыккан. 20 жылдан бери бул эрежелер бардык жерлерге тарап, өзүнүн үзүрүн элге тартуулап келе жатканыдыгына өзубүз күбөбүз. Азыркы учурда ар бир айылда атайын аянттар бөлүнүп, тай казандар орнотулуп жергиликтүү жаштар ушул эрежелер менен тартышууда. Бул эрежелер Кыргызстанда гана эмес, улак тарткан мамлекеттерге жайылып кеткен. Бул оюндун Эл аралык деӊгээлге чыкканын эки жолку Кыргызстанда өткөн Көчмөндөр оюндарына келишкен мамлекеттердин улакчылары тастыктап турат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ