Menu

Ош шаарынын мэриясы жана «Youth of Osh» коомдук бирикмеси шаарлар форумунда онлайн кайрылуу картасын тартуулашты

Бөлүшүү:

2017-жылдын 12 май күндөрү Ош шаарынын мэриясы жана “Youth of Osh” коомдук бирикмеси Кыргызстандын шаарлар форуму алкагында Ош шаарынын тургундарынын кайрылууларын, даттанууларын жана сунуштарын кабыл алууга багытталган онлайн кайрылуу картасын жана OshCityмобилдик тиркемесин тартуулашты. www.map.oshcity.kg сайты “Youth of Osh” коомдук бирикмеси тарабынан, USAID тарабынан каржыланган Биргелешип башкаруу программасынын колдоосу менен,жергиликтүү тургундар жана шаардык бийлик органдарынын кызматташуусун бекемдөө үчүн Ош шаарынын мэриясы үчүн иштелип чыкты.

2016-жылдын февраль айынан тартып Ош шаарынын тургундары өздөрүнүн кайрылууларын мэриянын расмий баракчасынын негизинде жасалган   www.map.oshcity.kg сайты аркылуу жиберүү мүмкүнчүлүгүн алышты. Өткөн жыл ичинде муниципалдык кызматтар жана Ош шаарынын мэриясы 250 кайрылуу кабыл алышты. 2017-жылдын апрель айында OshCity мобилдик тиркемеси AppStore жана Google Play Market кызматтарында орус жана кыргыз тилдеринде, онлайн кайрылуу картасына эркин кирүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү максатында жүктөлдү. Мындан соң, ар бир тургун өз кайрылууларын тез арада түздөн түз мэрияга жана 25 шаардык кызмат көрсөтүү кызматтарына жибере алат. Ошондой эле, баяндамасы менен сүрөттөрдү жана видео тасмаларды жуктөп, Ош шаарынын мэриясынын www.map.oshcity.kgбаракчасынан жаңылыктарды окуй алышат.

Ар бир онлайн кайрылуу картасынын колдонуучусу дээрлик болгон кайрылууларды жана ага болгон муниципалдык кызматтардын жоопторун эркин ачып окуй алат. Айтылган платформага 25муниципалдык жана шаардык кызматтар байланышкан. Кызматтардын өкүлдөрүнүн айтуусунда, бул карта алардын жумушун абдан жеңилдетти. “Биздин калк менен жолугушууларыбызда, биз дайыма ушул сайтты колдонууга чакырабыз. Бул жаңы маалымат технологиясын колдонуу шаардын талаптарын башкарууну жакшыртууга шарт түзүүдө. Мисалы, шаардыктар кайрылууларында жөн гана өзүнүн олуттуу маселелерин жазбастан, кээ бир маселелерге, мисалы шаарда кандай бак-дарак отургузуу керек сыяктуу, кандайдыр бир жаңы чечимдерди сунуш кылышууда.”, — дейт шаардын Жакшыртуу жана жашылдандыруу комбинатынын директору Айгуль Наватова.

Биргелешип башкаруу программасы Кыргыз Республикасында өкмөттүн, жарандык коомдун жана менчик сектордун өнөктөштүгүн чыңдоого багытталган. Программа АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги(USAID) жана Улуу Британиянын Эл аралык өнүгүү министрлиги (DFID) тарабынан каржыланган жана Ист-Вест Менеджмент Институту (EWMI) тарабынан ишке ашырылууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 18 + = 26

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: