Кыргызстада ар бир төртүнчү бөбөк никеси расмий каттала элек үй-бүлөдө төрөлөт. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин отчетунда айтылды. Андагы маалыматка ылайык, орточо эсеп менен өлкөдө энелер 23 жашында алгач ирет балалуу болушат. Ал эми балалуу болгон энелердин орточо жашы 28 деп белгиленген. 2011-жылы ар бир үчүнчү, ал эми учурда ар бир төртүнчү бала никеси катталбаган үй-бүлөдө төрөлөт.
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ