Кара-Көл шаарынын борбордук аймагында 1500 кишиге ылайыкташтырылган эки кабаттуу мечит ачылды. Ачылыш аземине шаар мэри Ильяз Еркеев, шаардык кеңештин төрагасы Бакытбек Кыргызалиев, ажы Бектен Керезбаев жана Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын өкүлдөрү жана демөөрчүлөр катышты.
Бир жылда курулуп бүткөн мечит 33 млн сомду чапчыган, мындай сумманы демөөрчүлөр берген. Андан тышкары, алар 500 миң сомдук люстра жана 16 миң долларлык килемди белек кылышкан.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ