Menu

Фото – Кыргызстандын Германиядагы элчиси Эринес Оторбаев иш сапары менен Бавария Федералдык жерине барды

Бөлүшүү:

Дүйшөмбү, 21-октябрь күнү Мюнхен шаарында Кыргыз Республикасынын Элчиси Эринес Оторбаев Мюнхен жана Жогорку Бавариянын Соода-өнөр жай палатасынын Тышкы экономикалык башкармалыгынын жетекчиси Ф.Доллендорф жана «Чыгыш-Батыш Бавариянын Экономикалык форуму» вице-президенти Х.Пёниш менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, алардын жүрүшүндө 2019-жылдын 15-апрелинде Мюнхен шаарында өткөн Кыргыз-Герман Бизнес-Форумунун жыйынтыктары белгиленип, соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Соода-өнөр жай палатасынын имаратында, Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчиси Эринес Оторбаев Райнхольд Креммель мырзага Кыргыз Республикасынын Бавария жана Тюрингияда Ардактуу башкы консулу болуп дайындалышы тууралуу консулдук патентти тапшырып, аталган кызматтык жогорулатуусу менен куттуктады. Салтанаттуу иш-чарага Соода-өнөр жай палатасынын жана Мюнхендеги кызыкдар уюмдар катышышты.

Райнхольд Креммель 2014-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын Бавария жана Тюрингияда Ардактуу консулу болуп эмгектенип, кыргыз-герман мамилелеринин өнүгүүсүнө жана бекемдөөсүнө активдүү көмөк көрсөтүүдө.

Иш сапардын жүрүшүндө Элчи Эринес Оторбаев ошондой эле, Тауфкирхен шаарында жайгашкан, топоздун этинен ар кандай продукцияны чыгарып, ошондой эле анын жүнүн жана терисин кайра иштетүү менен алек болгон, топоздорду кармоо боюнча «Yaktzucht Kohl» үй-бүлөлүк фермага барды. Аталган ферма менен Кыргызстандын топозчуларынын ортосунда тажрыйба менен алмашуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн байланыштар түзүлгөн.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 60 + = 70

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: