Menu

Фото – “Сэмаыль Ундонг” (Ашар) ыкмасы – айылды өнүктүрүүнүн өзөгү

Бөлүшүү:

“Кыргызстандын жаңы айыл кыймылы” коомдук бирикмеси аймактардын өнүгүшүнө олуттуу  салымын кошууда. Апрель айынын соңунда, өз айылынын өнүгүшүнө кайдыгер карабай, конкреттүү салымын кошуп, колунан келген аракеттерин аябаган лидерлерден, райондук мамлекеттик администрация башчыларынан, жергиликтүү депутаттардан жана айыл өкмөт башчыларынан турган 40 адамдык делегацияны, Түштүк Корея Республикасынын “Сэмаылды Глобалдаштыруу Фонду” менен биргеликте, “Айыл аймактарын өнүктүрүү менен өлкөнү өнүктүрөлү!” аттуу бир апталык семинар-тренингке алып барып, ийгиликтүү тажрыйба алмашып келишти.

Семинар -тренинг 2019-жылдын 17-апрелинен 25-апрелине чейин Түштүк Корея Республикасынын Кёнджу, Похан, Андон жана Сеул шаарларында болуп өттү.

Семинар-тренинг учурунда корей элинин 1970-жылдардагы социалдык жана экономикалык кыйын акыбалы, ошол учурдагы оор кырдаалдан азыркы учурда дүйнөдөгү эң  өнүккөн 10 өлкөнүн ичине кандай жол менен жеткендиги тууралуу кеңири маалымат тааныштырылып, лидерлер өздөрүнө керектүү болгон мыкты тажрыйбаларга күбө болуп, окуп үйрөнүштү. Баса белгилей кетчү нерсе, Түштүк Корея элинин “Сэмаыль Ундонг” кыймылы – 2013-жылдын 18-июнунда, ЮНЕСКО уюму тарабынан айылдарды өнүктүрүү менен биргеликте, бүтүндөй өлкөнү өнүктүрүүчү дүйнөлүк эң мыкты тажрыйба катары таанылып, өнүгүү жаатында  башкаларга үлгү болчу ыкмалардын бири катары кабыл алынган.

“Сэмаыль Ундонг” сөзү кыргыз тилинде “Жаңы айыл кыймылы” – деген маанини туюндурат. Бул кыймыл максат, мүдөөсү жагынан биздин элибиздин салтында ынтымактын жарчысы болгон “Ашар” ыкмасына  шайкеш келет.

Семинар аябай пайдалуу болуп, ар бир катышуучуга уюштуруу, идея менен байытуу жагынан жаңыча дем берип, алга сүрөгөн жагынан позитивдүү жакшы таасир калтырды. Бул саамалык КРдин Президенти С. Ш. Жээнбековдун быйылкы жылды “Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы” – деп жарыялаган жарлыгына үндөшүп, эл аралык деңгээлдеги  тажрыйба алмашуунун эң мыкты мисалы болуп калды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: