Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев ооруканадан УКМКнын тергөө абагына которулду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы журналисттерге билдирди.
Такталгандай, эки тарапуу пневмонияга чалдыккан мурдагы мамлекет башчысы оорудан айыкты.
“Алмазбек Атамбаевдин абалы канааттандырарлык. Дарыгерлердин консилиуму болуп, анын жыйынтыгында Атамбаевди УКМКнын тергөө изоляторуна өткөрүп берүү чечими кабыл алынды. Ал күнү-түнү дарыгерлердин көзөмөлүндө” – деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, 30-июнда УКМКнын тергөө абагында жаткан Алмазбек Атамбаевге “эки тараптуу пневмония” диагнозу коюлган. Аны дарылоо үчүн абактан КР президентинин жана Өкмөтүнүн иш башкармасынын клиникалык ооруканасына которушкан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ