Menu

Жусупжан Жээнбеков, Жогорку Кеңештин экс-депутаты, Жалал-Абад облусунун мурунку губернатору: «Бир сөз менен айтканда милициянын ысык-суугун жакшы билет»

Бөлүшүү:

Акыркы күндөрү ИИМ министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаковго каршы көшөгөнүн артында жашырынып, ар кандай ушак-айың кептерди социалдык баракчалар аркылуу жарыя кылып жаткандар, анын кадыр-баркы өсүп жатканынан чочулап жатышканы айкын боло баштады. Алардын максаты Өмүрзаковду жаманатты кылып көрсөтүп, аны таасиринен ажыратуу болууда. Бирок, өз ишинин чыныгы профессионалына андай көчөдөгү ушак-айыңдар жармашпайт да. Биз күч түзүмдөрүн жакшы билген, Өмүрзаков кыйын кезде кандай иштерди аткарганын өз көзү менен көргөн аттуу-баштуу инсандарга “Сүйүн Өмүрзаков чыныгы профессионал кадрбы?” деген суроого жооп алып көрдүк.

— Сүйүн Өмүрзаков бул тармакта эң ылдыйкы тепкичтен баштап жогорку жетекчиликке чейин басып өттү. Мындан сырткары Россияда биздин ИИМдин атайын өкүлү болуп, чет жакта жүргөн биздин уул-кыздарыбызга жардам берип, алардын абалын көрүп, жакшы иштеп келбедиби. Бир сөз менен айтканда милициянын ысык-суугун жакшы билет. Мен бул жигит менен Жалал-Абадда УВД начальнигинин орун басары болуп турган кезинде таанышкам. Ал учур абдан оор мезгил эле. 2010-жылы 19-апрелде эл азыр качып жүргөн Кадыржан Батыровдун имаратын өрттөйбүз дегенде, чогуу элди токтотуп, тополоңго жол берген эмеспиз. Кийин аны Россияга ИИмдин атайын өкүлү кылып которушту. Өзүмдүн балам, урук-туугандар Москвада жүрүшөт да. Ал жактан дагы “Сүйүн Өмүрзаков ишти эмоция менен алып барбаган, сөздү кунт коюп угуп, айткан ишин аткарган, өз ишин мыкты билген жигит экен” деген сөздөрдү уккам. Мен тааныган, аткарган ишин көрүп жүргөн адам катары Сүйүндү министр болууга татыктуу кадрлардын бири деп тартынбастан айта алам. Азыр шайтан оюндар жүрүп жаткандыктанбы, Сүйүнгө ар кандай ушактарды жармаштырганга аракеттер болуп жатканы көрүнүп эле турат. Биз татыктуу кадр болчу азамат жигиттерибизди өстүргөндү такыр үйрөнө албай койдук. Тескерисинче, буттан чалганга маш болуп баратабыз. Эгер бешенеси ачылып, Кудай Сүйүнгө министр болууну буйруган болсо ага башкаларга караганда эки эселеген оор жүк илинет. Анткени, азыркы президент менен бир райондон болуп калышат. Ушул ага эң чоң жүк болот. Мен президентти кыргыз элинин алдында уят кылып койбоюн, чын дилимден кызмат кылып берейин деген максатта ИИМде тартипти күчөтүп, иштеп берет деп ойлойм. Анын ишти алып кете ала турган профессионалдуулугунан шек санабайм.

Булак: Жаңы Ордо 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 23 − 17 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: