Menu

Эл үчүн өнүгүүнүн эволюциялык жолу пайдалуубу же революциялык жолубу?

Бөлүшүү:

– Бизде бийлик алмашуу болду. Экөө тең революция эмес. Эволюция жолу болсо жакшы болмок, бирок ага саясий аракеттер жетишпей турат. Бийликке чыкканда эле өзүм билемдик башталат бизде. Революциялык жол жаман нерсеге алып барышы мүмкүн – кан төгүү, регионалдык жана улуттук бөлүнүү. Балким бизге күчтүү башчы керекпи, же күчтүү парламент. Так айтыш кыйын.

Тынчтыкбек Чоротегин, тарыхчы:
– Элдик ыңкылаптар эски бийлик улам сазга батып, реформага эч жол калтырбай салганда гана аргасыздан орун алчу чукул окуя. Бийлик ар дайым реформалар аркылуу коомдун талабына шайкеш иш алып барууга милдеттүү. Реформа болгон жерде эч кандай ыңкылаптын зарылчылыгы жок.

Темирлан Сарлыкбек уулу, политолог:
-Коомдо өнүгүүнүн эволюциялык жолу менен алдыга жылуу эң туура жол. Бирок байыртан эле элдин атына мамлекетти башкаруу жоопкерчилигин алгандар мыйзамсыз байлык топтоо, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, элге берилген убадаларды аткарбоо сыяктуу каталарга кептелип, натыйжада көз боёмоочулук, мыйзам бузуу же күч менен кызмат абалын сактап калуу далалатын көргөн бийликтин жолу революциялык өзгөрүүгө алып барат. Кыргызстанда 2005 – жана 2010-жылдары болгон төңкөрүштөр калктын күткөн жемишин бере алган жок. Күтүлгөн өзгөрүү ишке ашкан жок. Бирок ошентсе дагы мамлекеттик бийлик элдин камын көрбөсө, эл ишенимин актабаса эл көтөрүлүп чыгып бийликти алмаштыруусу мүмкүн экендигин жана бул калктын демократиялык укугу экендигин эске бекем салып койду.

Арстан Алай, жеке ишкер:
– 24-марттагы болобу 7-апрелдеги окуяны революциялар деп атай турган болсок өнүгүү болуш керек эле. Бул революциядан кийин доор талабын саясаттагылар билбей, эски кайталанма жол менен кетип, улуу журтту, улуу жолуна сала алган жок. Дин, пендечилик, техника, медицина эволюция экенин элге түшүндүрсөк энергия дооруна адам өтүп алмак.

Шамшыбек Мамыров, ИИМдин ардагери, полковник:

-Эволюция техникалык кубулуштарга туура келет. Сандан сапатка өтүү. Ал эми революция – бул коомдук түшүнүк. Бул эки революция тең өз максатына жеткен жок. Бул эки революция келечекке кийинки тарыхка сабак болду, болуп жатат. Түбөлүктүү байлык бул адамгерчиликтүү калыс башкаруу болуп саналат. Ошондо гана завод фабрика болот, экономикалык жактан мамлекет өнүгөт.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: