Кыргызстандын эли мансапкорлор менен жемкорлордон, саясий популисттер менен өз алын билбеген кокуйисттерден, иш билбеген галдирбайлар менен кайда баратканын билбеген гаңгирбайлардан, укуктук нигилизм менен моралдык сифилизмден, адам өлүгүнөн пайда издеген көрканачылар менен бакта олтурса булбул болуп, жерге түшсө кузгун болуп бок чокуган саясатчылардан тажады.
Азыр бизге мансап үчүн Кыргызстандын келечегин садага чаба тургандар эмес, Эл-жердин келечеги үчүн мансабын садага чаба турган азаматтар керек! Кыргыз эли- кыраакы эл, баарын байкап, көрүп турат. Элдин,Мекендин укук-кадырын баарынан өйдө койгондор гана колдоо таба турган мезгил келди.
Түгөлбай Казаков
Булак: “Эл деми”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ