Menu

Фарид Ниязов: “УКМК курман болгон Үсөнбек Ниязовго 7-августтагы ишке ашпай калган атайын операция боюнча күнөөнү оодаргысы келет”

Бөлүшүү:

Президенттин аппаратынын мурдагы башчысы Фарид Ниязов Кой-Таш окуясынын соту боюнча билдирүү жасады.

Анын айтымы боюнча, буга чейин атайын даярдыктагы аскерлердин жети кызматкери суракка алынган.

“УКМКнын жетекчилиги 7-августта атайын операциянын ишке ашпай калышына күнөөнү курман болгон “Альфа” атайын түзүмүнүн командиринин орун басары Үсөнбек Ниязбековго оодарууну каалап жатканы айдан ачык.

Атайын даярдыктагы аскерлер көрсөтмө берүүдө адашып жатышат. Алар кысым астында “керектүү” далилдерди берүүгө аргасыз болуп жатканы айдан ачык. Алар деген жоокерлер жана башчыларына баш ийишет” – дейт Ниязов.

“Судья жана прокурорлор аскерлерге адвокаттардын конкреттүү суроолоруна жооп беришине ар кандай жол менен тоскоол жаратып жатышат” – дейт Ниязов.

Эске сала кетсек, 7-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы хан сарайында аны кармоо операциясы УКМКнын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлүп, ишке ашпай калган. Атамбаевдин тарапташтары менен кагылышуу болуп, полковник Үсөнбек Ниязбеков каза болгон. Чүй ОИИББнин жетекчиси Самат Курманкулов башынан жабыркап, ооруканага жеткирилип, эки жолу операция болгон. Бир топ адамдар ар кандай жаракат алып, ооруканага жеткирилген. УКМКнын алты кызматкери барымтада калган. Эртеси, 8-августта Атамбаев өзү колго түшүп берип, УКМКга жеткирилген. Кой-Таш окуясы боюнча Жазык кодексинин “Киши өлтүрүү”, “Адамдын өмүрүнө кол салуу”, “Барымтага алуу”, “Жапырт башаламандык”, “Бейбаштык”, “Бийлик өкүлдөрүнө коркунуч келтирүү жана зомбулук” беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон. Башкы прокуратура айыпталуучулардын көбүн жогоруда аталган фактылар боюнча күнөөлүү деп эсептейт. Атамбаев баштаган айыпталуучулар аны четке кагып жүрүшөт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 41 = 49

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: