Menu

Фоторепортаж — Мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-январда, өлкөнүн социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий дараметин өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкондугу, ошондой эле кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирет.

Мамлекеттик сыйлыктарга коомдук ишмерлер, маданият, билим берүү, илим, саламаттыкты сактоо, мамлекеттик башкаруу, айыл чарбасы, курулуш тармактарынын өкүлдөрү жана башкалар татыды.

«Сиздер күжүрмөн эмгектин натыйжасында мамлекеттик сыйлыктарды алып жатасыздар. Көп жылдык үзүрлүү эмгегиңердин, мекенибизге болгон ак ниетиңердин аркасы менен жалпы журтубуздун терең урматына ээ болуп олтурасыздар», — деп баса белгиледи Мамлекет башчысы сыйланып жаткандарга кайрылып.

Президент өлкөнү өнүктүрүүгө жана элдин жашоо шартын жакшыртууга багытталган реформалар улантыларын белгиледи.

«Элет жерин өнүктүрүүнү, өлкөнү санариптештирүүнү, соттук-укуктук реформаны ишке ашырууну, коррупция менен күрөшүүнү артыкчылыктуу багыт бойдон кармайбыз. Аларга кошумча, быйыл балдарды колдоого өзгөчө көңүл бурулат. Балдарды астейдил камкордукка алган, кары-картаңдарына урмат-сый менен мамиле кылган ыймандуу коом гана өз өлкөсүнүн жаркын келечегин жарата алат», — деп сөзүн жыйынтыктады Президент Сооронбай Жээнбеков.

Эске салсак, тиешелүү Жарлыкка Мамлекет башчысы тарабынан 2020-жылдын 30-декабрында кол коюлган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 68 − 58 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: