“Манас” аэропортунан текшерүү учурунда сумкасынан патрон табылган кызга сот өкүм чыгарды. Бул тууралуу соттун чечиминде айтылат.
Маалыматка ылайык, 2019-жылдын 21-октябрында Т.А. “Манас” аэропортунда өзгөчө көзөмөлгө алынды. Бул күнү кыз Ош шаарына учуп кетиши керек болчу. Текшерүү учурунда анын сумкасынан патрон табылган.
Адистердин айтымында, патрон мылтык атуучу куралдардын жана снайпер мылтыктарында колдонулат.
Айыпталуучу күнөөсүн мойнуна алган. Анын айтымында, ал мейманканалардын биринин кабылдамасында иштеген. Ошол жерден бир жигит менен таанышкан. Жигит аңчылык кылып жүрөм деп мактанып, эстелик катары ага патронду белекке берген. Кыз белекти сумкасына салып коюп, ошол бойдон унутуп койгон.
Сот кызды КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 253-беренеси (“Курал, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү”) менен күнөөлүү деп таап, 3 жылга эркинен ажыраткан.
Ага мунапыс колдонулуп, ал дайындалган жазадан бошотулган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ