«Ата Мекен» партиясы менен Бишкек шаардык кеңешинде депутат болуп, баш калаадагы Октябрь районунда аким болгон Камалдин Токтосартов аттуу чыйрак жигит бар (Акун Токтосартовдун уулу). Парламенттик шайлоодо да аталган партия үчүн эт-бетинен кете активдүү иштеген. Кыскасы, Текебаевдин жакшылыгын көргөн Камалдин учурда өлкөбүздүн Каратэ федерациясын жетектеп жүрөт. Соңку күндөрү бу жигит Бишкектин тар, кыска көчөлөрүндө Аалы Карашев менен кимдир бирөөдөн жашырынгандай ээрчише басып, узун сабак кеп курууда. Кайран жигит Текебаевден оомат тайганын сезген соң, андан түс үйрүп, КСДПдагы акелерине «ойт берүүнү» кыялданып жатканбы? Болбосо, кезегинде Текебаевдин жакшылыгын кыйла көрүп, партлидер камалганда, ал үчүн тыңгылыктуу ооз ачып, адилеттүү пикирин айтканга деле жарабады. Өмүкенин арты менен аким эмес, өкмөт башчы болгон Жоомарт Оторбаев баш, Калыкбек Султанов төш болгондор ооз ачканга жараган жок, анан кантип чырпыктай болгон ушул кадры бирдеме айтууга даасын? Күч органдары май куйругун бурап коёр?
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ