Кыргызгидромет борбору маалыматы боюнча, эртең, 30-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Ош жана Баткен облустарынын айрым жерлеринде, Чүй жана Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м / с, күндүз 15-20 м / с чейин.
Эртең абанын температурасы төмөндөгүдөй болот:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн: +9…+14, күндүз: +25… +30,
Таласта түнкүсүн: +8…+13, күндүз: +23…+28,
Баткенде түнкүсүн: +11… +16, күндүз: +27…+32,
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн: +11…+16, күндүз: +27…+32,
Ысык-Көлдө түнкүсүн: +5…+10, күндүз: +19…+24,
Нарында түнкүсүн: +3…+8, күндүз: +19…+24,
Бишкекте түнкүсүн +10…+12, күндүз: +27…+29.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ