Menu

Башкы прокуратурада башаламандык

Бөлүшүү:

Кадр саясатындагы башаламандык Башкы прокуратурадан башталды көрүнөт. Былыгы бар прокурорлорго чара көргөндүн ордуна калкалоо, кызматка көтөрмөлөө элди иренжитүүдө.

Манас районунун прокурору кол тийбеспи?

Талас облусуна караштуу Манас районунун прокурору Акынбаева Бурулкан айым кудайын тааныбай кутуруп жаткандыгын жакындан билгендер кабарлашты. Колдогон кожосу облус прокурору экендигин, эжекелеп оту менен кирип, күлү менен чыгаарын да кошумчалашты.

“Колдогон кожосуна” ишениппи же дагы башка жайы барбы ким билсин, айтор өзүм билемдикке жол берип, райондогу мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үйүнө делген чуркоочу (беговая дорожка) спорттук инвентарды өзүнө алып алганы эмнеси?.. Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып балдардын ырыскысына кол салганы кудайга жакпайт го. Майып балдардын ден соолугун чыңдоого берилген спорттук чуркоочу инвентарды «арыктайт элем» деп өзүнө алып алганы жогорку жакка жетип, Башкы прокуратурадан текшерүү келип, кызмат абалынан кыянаттык кылганы, балдардын ырыскысын тартып алганы далилденип турса да, калкалоочу калканы ордунан жылдырбай кармап олтурат.

Дагы бир кылыгы, райондун Ардактуу атуулу наамын акимдин буйругусуз эле алып алганы да кызык. Райондун прокурору болгону аз келгенсип, райондун акиминин да милдетин аткарып калганбы? Дагы бир белгилей кетчү жагдай, текшерүүнүн жыйынтыгын уруп ойнобогон прокурор дагы деле кызматында олтурганында. Ал тургай коллегиянын да чечими чыгыптыр кызматынан алынсын деген. Тилекке каршы, мындай кызматкерди кызматтан айдап жолго салгандын ордуна облус прокурору өзү калкалап, жаап-жашырып басып олтурат.

“Кой деген кожосу” облпрокурор Кашкарова Гүлмира менен район прокурору Акынбаева аймактагы аткезчиликти да колго алып алгандай. Чоң капкадагы контрабанда республикалык деңгээлге чыкты. Расмий маалыматтарга караганда, айына 50-60 миллион сом казынаны кыйгап өтүп, алкымы чоңдордун капчыктарын кампайтууда. Бул боюнча бийик трибунадан бир нече ирет коңгуроо кагылды. Жыйынтык жок. Жыйынтык бербеген жетекчилердин кереги эмне?

Өкүнүчтүүсү башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун Кашкарова Гүлмирага жана ал калкалап жаткан Акынбаеваны иштен алууга, керек болсо иш козгоп каматууга эрки жетеби деген маселе чоң суроо жаратууда. Анткени прокуратура тармагына көө жапкан кызматкерлерди жазага тартуу «карга карганын көзүн чокубайт» дегендей, дагы да болсо көйгөй бойдон калууда.

Ким болсоң ошол бол, негизгиси Кара-Кулжалык бол…

Кечээ жакында эле Башкы прокуратуранын коррупцияга каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын башчысы болуп дайындалган Акимбаева Гүлнаранын бул кызматка келиши коомчулукка табышмак болуп турат. Бир кездери Биринчи май райондук прокурору болуп туруп, ишиндеги кемчиликтери үчүн коллегиянын чечими менен иштен алынган кызматкерди кызматынан жогорулатып алып келүү мыйзамдуубу деген суроого баш катыргандар арбын. Мыйзамды көзөмөлдөгөн башкы органда ушундай иштер болуп жатса, башкалары кантет?

Бизге белгилүү болгондой, Акимбаева ажобуз менен бир райондон болгондуктан илбирс секирик жасаптыр. Көрсө ким болсоң ошол бол, негизгиси Кара-Кулжадан бол деген мамиле өкүм сүрүп баштаптыр. Кызыгы, Аким-баеванын бир иниси Акимбаев Алтынбек убагында Кадамжай районунун прокурорунун орун басары болуп кутуруп турганда кулжа атып, анысы менен мактанып сүрөткө түшө коюп коомчулук ызы-чуу түшүп, кызматтык териштирүү орун алып, жыйынтыгында иштен алынган жайы бар. Мына ушундай мыйзам бузууларга жол берип, коллегиянын чечими менен кеткен кызматкерлерди көтөрмөлөө кайсы мыйзамга туура келет?..

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 14 − = 10

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: